Курс НБ на 10.04.2020 $77,8000 €84,5647

С.Аширова Украинанын «Голос» долбоорунан четтетилди

Маданият
14 - Март 2017
www.erkintoo.kg
489
Кыргызстандык ырчы Салтанат Аширова Украинадагы «Голос» теледолбоорунун кийинки туруна өтпөй калды. Маалым болгондой, сынактын экинчи этабында С.Аширова насаатчысы Потаптын командасындагы Катя Еременко менен «Наверно потому что» деген чыгарманы аткарышты. Ырчыларды кийинки турга тандоо учурунда насаатчы Потап Катя Еременкого добушун берди. Долбоордун эрежеси боюнча, катышуучуну сактап калуу үчүн калыстарга убакыт берилет. Анда калыстар тобунун мүчөсү Жамала өз укугунан пайдаланып, кыргызстандык ырчыга добуш берген. Бирок, ал кайра оюнан баш тартып, башка ырчыны сактап калды. Ошентип, ырчы С.Аширова долбоордон четтетилди.
Долбоордун биринчи айлампасында С.Ашированы Потап өз командасына алып, кийинки турга өткөргөн болчу.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.