Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

Санариптик телеберүүгө өтүү сөзсүз керек

Маданият
18 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
592
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гульмира Кудайбердиеванын жетекчилиги астында Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйыны болуп өттү. Анда 2016-2017-жылдары санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча биринчи кезектеги кечиктирилгис  иш-чаралардын планы бекитилди. Анда аналогдук телеберүүлөрдөн санариптик телеберүүлөргө өтүүгө байланышкан  процесстерди  толугу менен жыйынтыктоону  комплекстүү ишке ашыруу чаралары каралган.
Азыркы учурда калкка телеберүүнүн  жеткиликтүүлүгүн  99,0% чейин  жеткирүү,  кеңири камтуу максатында иштер жүргүзүлүүдө, – деди вице-премьер-министр Гульмира Кудайбердиева. "2017-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын бардык аймагында аналогдук телеберүү өчүрүлөт. Аны менен бирге ресиверлерди сатып алуу жана орнотуу зарылдыгы жөнүндө кеңири маалыматтык компанияны өткөрүү тапшырылды, ансыз  санариптик сигналды кабыл алууга мүмкүн эмес», - деп белгиледи вице-премьер-министр Гульмира Кудайбердиева.
Сымбат Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.