Курс НБ на 19.09.2018 $69,2467 €81,0325

Салттуу музыка жумалыгы соңуна чыкты

Маданият
27 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
124
Бишкекте кыргыздын улуттук  фолклордук музыкасын эл арасында жайылтуу максатында өткөн “Салттуу музыка”  жумалыгынын  жабылуу аземи салтанаттуу түрдө  аяктады. Гала-концерт Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өттү. Ага КР Маданият министри Султан Жумагулов катышты, жабылуу аземде  министр куттуктоо сөзүн айтып, сынактын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды жана дипломдорду ыйгарды. Эске сала кетсек,  25-апрель Салттуу музыка күнүнө карата “Салттуу музыка жумалыгы”  21-25-апрелге чейин өткөн. Ага 12 жаштан 30 жашка чейинки фольклор багытында оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун айтуучулук, аспапчылык, аваздык-аспапчылык багыттары боюнча салттуу музыканын алып жүрүүчүлөрү  катышкан.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.