Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

Сагынбек Акматалиев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти: “Оркестрде иштегендерди өнөрдү баалаган баатырлар десек болот”

Маданият
01 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
1301
80 жылдык юбилейи белгиленүүчү Улуттук филармониянын тарыхы Карамолдо Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестри түптөлгөн 1936-жылдын 7-октябрынан башталат. Оркестрди уюштуруу үчүн Москвадан орустун атактуу композитору Петр Федорович Шубин атайын чакыртылган экен. 1962-жылы оркестрге Карамолдо Орозовдун ысымы ыйгарылган. Оркестрдин учурдагы көркөм жетекчиси Сагынбек Акматалиевди кепке тарттык.
– Музыкалык сабаттары жок болсо да Карамолдо Орозов, Ыбрай Туманов, Атай Огомбаев. Муса Баетов, Мураталы Күрөңкеев, Саид Бекмуратов, Молдобасан Мусулманкулов, Осмонкул Бөлөбалаев, Калык Акиев, Алымкул Үсөнбаев сыяктуу нукура таланттардан турган алгачкы курам 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун биринчи декадасына катышып, чоң ийгиликтерди жараткан, - дейт оркестрдин учурдагы башкы дирижеру жана көркөм жетекчиси Сагынбек агай. - Согуштан кийин оркестр Москвадан атайын билим алып келген Шейше Орозов, Акмат Аманбаев, Насыр Давлесов, Асанкан Жумахматов, Калый Молдобасанов сыяктуу профессионал музыканттар менен толукталган. Бул мезгил - оркестрдин кайра жаралуу доору болгон. 1951-1960-жылдары башкы дирижер Борис Вениаминович Феферман оркестрдин даражасын кыйла көтөргөн. Анткени, ал Ереван, Харьков консерваторияларынан билим алган профессионал дирижер-хормейстер болгон. Андан кийин Асанкан Жумахматов агайыбыз оркестрди он жылдай жетектеп турду. Эсенгул Жумабаев, Сардарбек Жумалиев, Төлөгөн Томотоев агайлар да оркестрди башкарышып, ар бири өзүнчө жаңылыктарды киргизишкен. Эсенгул Жумабаев башкы дирижер жана көркөм жетекчи болуп турган 1970-жылдарда Самара Токтакунова, Анарбек Ибраев, Эрмек Мойдунов, Улукмырза Полотов сыяктуу таланттуу солисттер жалпы журтка таанылган.
- Өзүңүз качантан бери оркестрдесиз?
- Быйыл оркестрде иштеп жатканыма 46 жыл толду. 1970-жылы 17 жашымда он беш чакты бала болуп оркестрге кабыл алынганбыз. Ал учурда М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын 3-курсунда окуп жаткан кезим эле. Асанкан Жумахматов агай жаштыгыбызга карабай эле баарыбызды алып келип, оркестрге музыкант кылып отургузган. 2005-жылдан бери оркестрдин башкы дирижеру жана көркөм жетекчисимин. Мага чейин оркестрди Бакыт Тилегенов жетектеди, ал азыр консерваторияда сабак берет жана Бишкек мэриясынын жаштар оркестрин башкарат.
-Чыгармачылыкта кимдердин таалими таасирдүү болду?
- “Фрунзенин оттору”, “Кечирчи”, “Аясаңчы” аттуу жана башка бир катар белгилүү ырлардын автору Кадырбек Кадыралиев деген кыякчы агайымды мага музыканын арибин алгач тааныткан устатым деп эсептейм. Анын жардамы менен аранжировкалоону үйрөнгөм. Ушул күнгө чейин 150дөй ырларды, 20 чакты комуз күүлөрүн аранжировкалап чыктым. Ал эми дирижерлук кесибиме Насыр Давлесов жана Асанкан Жумахматов агайлардын кошкон салымдары баа жеткис.
- Эл аралап дегендей эки жакка чыгып жатасыздарбы?
- Союз мезгилинде бир тууган республикаларды, чет өлкөлөрдү байма-бай кыдырдык. 1990-жылдан кийин чыгармачылык сапарлар дээрлик токтогон эле. Акыркы учурларда гана филармониянын директору Кыргызбай Арапбаевичтин аракети менен гастролдорго бара баштадык. Быйыл Алматыда толук курамыбыз менен концерт бердик. Ошто, Ысык-Көлдө болдук. Бирок, каражатка байланыштуу чет жактарга чектелген курам менен эле чыкпасак, оркестрди толук алып баруу оңойго турбайт.
- Оркестрде канча адам эмгектенет?
- Илгери чыгармачылык жамааттын курамы 60-65 адам эле. Кийин ар кандай себептер менен кыскартылып отуруп 44 киши калдык. Академиялык деп аталгандан кийин бул албетте аз. Жамаатыбыздын басымдуу бөлүгү менин муунумдагылар. Жаштардын бизге жан-дили менен келиши да кыйын, анткени 4-5 миң сомдук айлык акыга азыр эч кимдин иштегиси келбейт. Ошондуктан, оркестрде иштеп жаткандарды өнөрдү баалаган баатырлар десем жарашат.
- Филармониянын 80 жылдыгына карата даярдык кандай?
- 80 жылдык кыргыз маданияты жана жалпы жамаат үчүн тарыхый окуя болгондуктан, баарыбыз эле маарекени жогорку деңгээлде белгилейли деп күнүгө репетиция жасап, азыр бизде тыным жок.
Маегиңизге чоң рахмат!
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.