Курс НБ на 26.04.2019 $69,8383 €77,8488

Рыскулов менен Күмүшалиевага арналган кече өтөт

Маданият
11 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
132
Борбордогу Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз-драм театрында залкар артисттер Муратбек Рыскуловдун 110, Сабира Күмүшалиеванын 100 жана режиссер, актер Искендер Рыскуловдун чыгармачылыгынын 60 жылдыгына арналган иш-чара өтөт. Мындай маалыматты Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады. Таланттарга арналган иш-чаралар буга чейин да өткөн. Белгилүү болгондой Муратбек Рыскулов - СССР эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси. Айрым маалыматтарда 1899-жылы, кээ бир документтерде 1908-жылы төрөлгөнү жазылган. 1974-жылы дүйнөдөн кайткан. Сабира Күмүшалиева - Кыргыз ССРинин Маданиятына эмгек сиңирген артист, Кыргыз Республикасынын эл артисти жана Эл баатыры. 1917-жылы жарыкка келип, 2007-жылы көз жумган. Ал эми уулу, Кыргыз эл артисти Искендер Рыскулов кино актеру жана режиссер катары белгилүү. 1941-жылы жарык дүйнөгө келип, 2002-жылы дүйнөдөн кайткан.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу