Курс НБ на 10.12.2018 $69,8499 €79,4752

“Рамаяна” эпосу сахналаштырылды

Маданият
02 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
166
Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында  "Рамаяна" спектакли сахналаштырылды.  Индия элинин даңазалуу “Рамаяна” аттуу эпосунун негизинде драманы акын, драматург Бактыгүл Чотурова жазган. Чыгармада пендечилик, көрө албастык сыяктуу көйгөйлөр козголот. Спектаклди жаш актер, актрисалар аткарды. Өмүрбек Израилов Рама аттуу башкы каармандын образын жаратса, Сита аттуу Раманын түгөйүнүн образын жаш актриса Мадина Талипбек ойногон.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.