Курс НБ на 19.04.2019 $69,6426 €78,3236

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө Жарлыкка кол койду

Маданият
05 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
124

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 4-февралда көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Жарлыктын максаты —  Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий жактан калыптануусуна көрүнүктүү салым кошкон Турдакун Усубалиевдин элесин түбөлүккө калтыруу жана анын туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо.

Иш чараны эң жогорку улуттук деңгээлде даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлөт, ошондой эле иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планы иштелип чыгып, бекитилет.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу