Курс НБ на 28.09.2020 $79,4998 €92,6530

Президент Алмазбек Атамбаев КВНдин Жогорку лигасындагы мыкты жеңиши менен «Азия MIX» командасын куттуктады

Маданият
26 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
1184
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев КВНдин Жогорку лигасындагы мыкты жеңиши менен «Азия MIX» командасын куттуктады.
«Азия Mix» командасы КВНдин Жогорку лигасынын чемпиону болуп калды. Бул баарыбыз үчүн чоӊ кубаныч. Муну бүт Кыргызстанга жаңы жылдык белек деп айтар элем! Балдарыбыз тынымсыз талыкпай даярданып, улам өр алып отуруп, көрөрмандардын жүрөгүн багынтуу аркылуу ушул жеңишке жеткенин баарыбыз көрүп турдук.
Биздин команда  баарынан шайыр жана тапкыч экенин бир гана жюри эмес, бардык күйөрмандар тааныды! Жыйынтыгында «Азия Mix» мыктылардын мыктысы болуп табылды!» - деди Мамлекет башчысы.
Президент «Азия Mix» командасынын мүчөлөрүнүн учкун чачкан, жылуу юмору, мыкты артисттик таланты жана тапкычтыгы менен Кыргызстанда КВН салттары улам бекемдеп, элге күн сайын көбүрөк алынып баратканын көрсөттү.
«Кыргызстанды эл аралык турнирде алдыга сүрөгөнү үчүн команданын бардык катышуучуларына алкыш айтамын!
«Азия Mix» командасынын ийгиликтери көптөгөн кыргызстандыктар үчүн чоӊ сыймык болуп калмакчы», - деп белгилеген Алмазбек Атамбаев аларга жаңы чыгармачыл ачылыштарды жана жаркын жеңиштерди каалады. 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.