Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

Пакистан индиялык кинолорду көрсөтүүгө тыюу салууларды алды

Маданият
19 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
417
Пакистандын ири кинотеатрлары индиялык фильмдерди көрсөтүүгө киргизилген тыюу салууларды алып салууга макулдуктарын беришкендигин “Би-Би-Си” маалымдады. Бул чечим Болливуддун продукцияларынан баш тартуу менен пакистандык  кино таркатуучулар акча каражаты жагынан көп жоготууларга учураганына байланыштуу болду, деп түшүндүрдү бул басылма.
 Индиялык теле жана радио продукцияларына эмбарго ушул жылдын октябрында талаш-тартыштуу аймак болуп саналган Кашмирдеги кырдаалдын курчушунун өсүшүнөн улам киргизилген эле. Пакистандын бийлиги бул кадамды бир катар индиялык киноөндүрүүчүлөрдүн  пакистандык актёрлор менен кызматташуудан баш тарта башташкан аракеттерине карата жооп чарасы катары аташкан.
Чындыгында, Индиялык фильмдер Пакистанда абдан кеңири белгилүү болуп, аларды кызыгуу менен көрүшөт.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.