Курс НБ на 11.12.2019 $69,8500 €77,4252

​«Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору»

Маданият
23 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
249
Ош шаарынын калкы  түрк тилдүү мамлекеттердин башын бириктирген маданий иш-чарага  катуу даярдык көрүштү. Шаардын борбордук көчөсүндөгү мекеме-ишканалардын, көп кабаттуу үйлөрдүн сырты бири- бирине айкалышкан түстөр менен кооздолуп, Ленин жана Курманжан Датка көчөлөрүндө түнкү жарыктандыруу  системасы толугу менен ишке  киргизилген. Спорт ордосу болгон А.Сүйүмбаев атындагы стадиондун  төрт тарабына  тең жарык берүүчү чырактар коюлду. Ал эми стадиондун  ички-тышкы  фасадынан  тартып, отургучтары, талаасы,  тейлөөчү  жана санитардык бөлмөлөрү бүтүндөй европалык стилде  капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Апрель айынын 16нан тартып, маданий иш-чарага чакырылган  кадырлуу коноктор, маданият,  искусство ишмерлери, театр жана ыр-бий ансамблдери келе  башташты.
      19-апрелде түштөн кийин  Ош аэропортунан  эл аралык түрк маданиятынын  “ТҮРКСОЙ” уюмунун баш катчысы   Дүйсен   Касенов, Азербайджан Республикасынын маданият министринин  орун басары Рафиг Ясин, Казакстан  Республикасынын маданият министринин  орун басары Ельдос  Рамазанов, Түркия Республикасынын маданият министринин  орун басары Ахмет Халю  Дурсун, Өзбек Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ыйгарымдуу өкүлү  Комил Рашидов, Түркменистан  Республикасынын жана башка бир катар  өлкөлөрдүн расмий  өкүлдөрүн  Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, КРнын  маданият,  маалымат жана туризм министрлигинин  министри  Азамат  Жаманкулов, Ош  шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов жана башкалар  тосуп алышты. Чакырылган расмий коноктордун сый тамагы учурунда  төрт тилде сүйлөгөн  алып баруучулардын коштоосунда  Ош шаарынын мэри   Таалайбек Сарыбашов  менен “ТҮРКСОЙ” уюмунун баш катчысы   Дүйсен   Касенов  мырзала   куттуктоо сөзүн сүйлөштү. КР нын  Жогорку Кеңешинин вице-спикери Аида  Касымалиева, Жогорку  Кеңештин  депутаты   Айнуру Алтыбаева  жана  башкалар   чыгып сүйлөштү. Меймандардын  урматына   шаардагы “Динат” ресторанында  кыргыз элинин  каада-салтынын  жөрөлгөлөрү чагылдырылган, кыргыз, өзбек жана түрк  улуттук ашканасынын улуттук мүнөздөгү тамак ашы, мыкты даамдары тартууланды жана  ар кайсы  улуттун  маданият, искусство чеберлеринин  концерттик программасы  көрсөтүлдү.
        Кечинде  расмий коноктордун урматына  Оштогу С. Ибраимов  атындагы  кыргыз  улуттук драма  театрында  түрк элдерине  кеңири таанымал  философ -акын,  күүлөрдүн  таржымалын  тааныткан  чебер музыкант  Коркут Атанын өмүр  тарыхын   баяндаган “Коркут –Ата” спектаклы көрсөтүлдү. Түн кирип калганына карабастан,  түнкү чырактар Ошту   күндүзгүдөй жаркыратып, жаркын, ачык, шаңдуу маанай тартуулап, сыдырым желаргы  ансайын көркүнө чыккан  Сулайман Тоого азгырып турду.  Түрк мамлекеттеринен  келген коноктор Ош шаарынын мэринин атынан  майрамдык  сүмөлөккө катышып, ал гана эмес, казанды аралаштырганча  аруу  ой -тилектерин айтышты. Баш катчы  Дүйсен  Касенов мырза ат чабыш сала  ойноп жаткан жаш баланын бетинен сүйүп, жакшы каалоосун  айтты. ”Жаштар”  сейил багында  кыргыздын  кол өнөрчүлөрүнүн  кол эмгегин даңазалаган  эң  аземдүү  буюм –тайымдар менен жасалган  3 боз үйү тигилди. Бактын  тепкичтерине  эки бет  болуп,  кыркалакей тизилген  кыз-жигиттер  конокторго урмат-сый  көрсөтүп  тосуп алышты. Тепкичтер  бүткөн жерден  улуттук кийимчен  аксакалдар, байбичелер  кыргыздын  салты менен конокторду   нан, май  менен  тосуп  алышты. Сүмөлөктү  кантип даярдоо, казанга салынып жаткандагы  айтылган  каалоо –тилектер,  ыйык жана  баалуу   даам  катары  аздектелген  ырым-жырымдар, каада-салттын айрымдары көрсөтүлдү. Сүмөлөк  кайнатуунун  кадимден  келаткан  жол-жобосу  алты жерде  даңазаланды,  аны  котормочулар төрт тилде  баяндап беришти.  Конокторго оргуманын  айланасында нагыз  улуттук,  майрамдык оюн-зооктор  жана концерттик программа көрсөтүлдү.
         20-апрелде түрк дүйнөсүнүн  ээлерине  “Сүмөлөк ачуу” аземи уюштурулду. Улуу тамак даяр болгондо аны ачканга  чейин  аксакалдар жана  байбичелер  казанды тегеренип  турушту, куран окулуп, эл-журтка   тынчылык, аманчылык жана  токчулук, бакубатчылык  тилеги айтылды. Эки байбиче казанды ачып, сүмөлөктүн бетиндеги сүрөттөрдү чечмелеп айтып беришти. Андан кийин  сүмөлөктөн  ооз тийилип, сүмөлөктүн  дарылык  касиети, очок жана отун  жөнүндөгү  уламыштар айтылды, сүмөлөктү  таратуу жөрөлгөсү айгинеленди.
      Ошол эле күнү Ош  шаарынын  мэринин  расмий конокторду кабыл алуусу Ош  шаардык  Кеңешинин  жыйындар  залында  өттү. Кыргыз республикасынын Гимни жаңыргандан  кийин Ош шаарынын мэри  Таалайбек Насырбекович  мындай деди; -Санжыралуу  Улуу  Жибек  жолунун   чордонунда  жайгашкан ,3000 жылдык  байманалуу  тарыхы бар, касиеттүү  жана   ыйык  Сулайман Тоосунун  этегинен  орун  алган  ордолуу Ош шаарына  куш келиңиздер!
            Кыргыз Республикасынын Президенти  Сооронбай Шариповичтин колдоосу жана ТҮРКСОЙ чечими менен көп улуттуу, байыркы Ош  калаабыз 2018-жылдын 18-декабрь күнү  Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн  Туруктуу Кеңешинин 36-отурумунда  бир добуштан “Ош-түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деген  чечим кабыл алынды.
          Өзүңүздөргө маалым болгондой,  Бириккен  Улуттар Уюмунун колдоосу менен  2000-жылы Ош  шаарынын  3000  жылдык  мааракеси эл аралык деңгээлде белгиленген. Өзүнүн  чанда  кезиккен  керемет ландшафы, археологиялык бай табылгасы, Сулайман  Пайгамбарыбыздын  атын  алып жүргөн  ыйык  Сулайман тообуз   ЮНЕСКОнун тарыхый-маданий мурастар  тизмесине  катталгандыгын   эске  алуу  менен  “Ош-түрк дүйнөсүнүн маданий  борбору” деген  таанымга,  атакка  ээ  болушун  бир  добуштан, кош  колдоп бергендиги   үчүн  ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн маданият  министрлерине  шаар тургундарынын  жана  өзүмдүн  атыман  терең  ыраазычылык билдиремин.
        Бул биздин Ош шаары, шаардын жашоочулары, алыс- жакындан келген коноктору жана жалпы  кыргыз журтчулугу үчүн чоң сыймык, атуулдук  жоопкерчилик! Мындай абройлуу таанымга  ээ болуп жатып, биздин байыркы шаарыбыз жөнүндө  кыскача маалымат берип кетүүнү ыйык милдетим деп эсептейм.
       Ош-Борбордук Азиядагы эң байыркы, көөнө  тарыхы бар, ооматтуу  шаарлардын бири. Тарыхый-географиялык  өзгөчөлүгүнө  жараша  эзелтеден  бери континенттерди туташтырган, бириктирген   Улуу Жибек Жолунун чордонундагы  стратегиялык башкы каала болуп келген. Мындай тарыхый мүмкүнчүлүк Ош шаарын байыркы  доордон тартып,  дүйнөдөгү  эң   ири соода-экономикалык жана маданий борборго айланткан.  Эзелтен  эле Ош шаары көп түрдүү маданият жана тилдердин үлгүлөрүн өзүнө сиңирип, аларды  Чыгыш менен Батышты  байланыштырган  Улуу  Жибек  Жолу аркылуу  башка  чөлкөмдөргө таратып келген.
       Түрк  мамлекеттеринен  келген  расмий коноктор  куттуктоо сөздөрүн айтышкандан  кийин  мындай  тарыхый окуянын күбөсү катары эстелик  белектерин  тапшыруу аземи     болду.
      Андан саат 10.00до  шаардын борбордук аянтынан тартып, Баялинов  көчөсүнүн кесилишине чейин уланган«Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» программасынын алкагында “ Түрк тилдүү мамлекеттердин этнофестивалы” өткөрүлдү. Улуттук  тамак-аштардын көргөзмөсү “Изюм” ресторанынан  “Түбөлүк от”  мемориалдык  комплексинин аянтына чейин созулду. Ош шаарындагы белгилүү  ашпозчулардын чеберчилик  усулдарында  тамактарды  жасоо ыкмалары көрсөтүлдү. Палоо  менен шашлыкты  5 түрү, ар түрдүү гүлазыктар,  самса, манты, көчө аш, нандын жана боорсоктун  түрлөрү, ун азыктарынын ассортименти , казы-карта, чучук, быжы, өпкө, жөргөм, козу гриль, ташкордо, беш  бармак  ж.б. тамак- аштарды жасоодогу чеберчиликтин  үлгүлөрү  даңазаланды , аларды конокторго ооз тийдиришти.
    Ал эми борбордук аянтта  коноктор даярдалган орундуктарга  жайгашкыча  элдик каада-салттар  тартууланып, кыргызга  таанымал  төкмө акындар бүгүнкү салтанатты жар салышып, “Манастан” ураан чакырып, өзгөчө шаң менен башталды. Илгертен  келаткан салттардан;  сөйкө салуу, кудалашуу, кыз узатуу, кыз оюндары,  кыз-жигиттердин алым-сабак айтышы, ж.б. боюнча иниценировкалар тартууланды. Ош айыл чарба техникумунун аянтынан  №2 музыкалык мектепке чейин  созулган аянтта кол өнөрчүлөрдүн  көргөзмө-жарменкеси  ачылды.  ”Этнобазардагы”  көргөзмөгө жыгач уста, темир уста, бешик усталардын колунан  жаралган  ат жабдыктары, шаймандар, өтүкчү, масы  тиккен чеберлердин  буюмдары, саймачылардын  шырдак, кийиз, килем, таар, калпак, топу ж.б. көптөгөн  эмгектери коюлду. Ошондой эле  кийим тигүүчүлөр, чопочулар,  керамикадан  жасалган  идиштер коноктордун  көңүлүн өзүнө бурду. “Айыл чарба жарманкеси” болсо,  №2 музыкалык мектептен тартып,  “Ош нуру” мейманканасынын аянтында өттү. Расмий конокторду Кыдыр Ата, Баба дыйкан  жана Умай энелер тосуп алышты.
      Бүткүл элди,  ал гана эмес эки жактан келген  коноктордун көңүлүн өзүнө магниттей  тарткан  Ош  кыргыз  улуттук  драма  театрынын  алдындагы  “Этномузыка” программасы болду. ”Маш ботой” күүсү шаңдуу жаңырып, “Этно-Ош” фольклордук  ансамблинин коштоосунда “Кыргыз көчү” күүсү  оболоп турду. Шаардагы белгилүү  таланты менен кыргыз маданиятын чет  өлкөлөргө таанытып  келатышкан  дизайнерлердин  улуттук кийимдери,  моделдери  тартууланды.
Ошто жаңыдан бүткөрүлгөн Кыргыз -Түрк клиникасынын  ачылыш аземине  катышып, ак тилектерин айтып, кызыл  тасмасын кесип беришти. Түштөн кийин  ОшМУнун  чоң  жыйындар залында  “Байыркы Ош- цивилизациялардын чордонунда” түрк тилдүү  мамлекеттердин  эл аралык  илимий-практикалык  конференциясы  өткөрүлдү. Соңунда  түрк тилдүү мамлекеттердин журналисттерине “ ТҮРКСОЙдун” Басма сөз сыйлыгы  ыйгарылды.
           Кечки  бешимден  кийин  “Түрк элдеринин  маданияты   Сулайман Тоодо” эл аралык маданий программасы “Алымбек Датка “этнографиялык борборунда өзүнүн таң каларлык  салтанаты,  суктануу, сыймыктануу  сезимин козгогон  аземи менен башталды. Ал жерге  эки боз  үй тигилип,  добулбас,  керней, литавранын   үндөрү жаңырып, Сулайман  Тоонун боорунда  ак  калпакчан, ак көйнөкчөн  20 жигит   түрк  тилдүү  өлкөлөрдүн  желектерин  желбиретип  турушту. Музыканын коштоосунда  музейдин монументинин артынан түрк тилдүү  өлкөлөрдүн  улуттук  кийимдери менен чыгышты. З. Бабур атындагы өзбек улуттук драма театрынын артисттери Алымбек Датканын эстелигинин алдында  “Айкөл  Манас” спектаклинен  үзүндү  көрсөтүштү. Акырында  ордо атуу, жоолук таштамай сыяктуу  улуттук  оюндар ойнолду.
        Түрк элдеринин “Сулайман Тоо ынтымак жүрүшү” аттуу  жөө жүрүшкө  кербенчилер, өнөрпоздор, театрлардын артисттери,  Ассамблеянын,  мекеме-ишканалардын  жетекчилери, жамааттары  жалпысынан, 700дөй  адам катышты. Кечки саат 8.00дө  борбордук стадиондо Кыргыз  Республикасынын  Президенти  Жээнбеков  Сооронбай Шариповичтин куттуктоо сөзүндө улуу  Жибек жолунун тоомундагы байыркы Ош шаарынын тарыхы, соода-экономикалык, маданий-этнографиялык маанисине  токтолуп; -Ош шаары байыркы  замандан  келаткан  салтын улап ,Жер  Ортолук деңизи, Жакынкы Чыгышты, Памир, Тибет, Кытай жана Индияны байланыштырып  турган  ири  соода борбору катары  азыркы  күндө да  кайра жаралуу  тарыхына  астейдил кадам  таштап, түрк  тилдүү  элдердин  биригүүсүнө, достошуусуна  чакырык таштап отурат-деди.
Казак Республикасынын эл артисти Роза Рымбаева баш болгон түрк тилдүү мамлекеттердин искусство  чеберлеринин, өнөрпоздорунун чоң программадагы концертти  тартууланды.
                            Ризван  Исмаилова
Ош шаары
 
 
 
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.