Курс НБ на 13.08.2020 $78,0000 €92,3520

Орусиянын "Голос" телеберүүсүнүн 5-сезонуна катышкан Кайрат Примбердиев тандоо турунан өттү

Маданият
26 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
594
Бул тууралуу ырчынын менеджери Эльвира Примбердиева билдирди.  Ырчы сахнада Жеймс Браундун "It's a Man's Man's Man's World" ырын аткарды. Ал Леонид Агутиндин командасына кабыл алынды.  "Голос" телешоусу ыр сынактарынан айырмаланып турган долбоор. Ал ырчыны көрбөй угуу, күч сынашуу, нокаут, чейрек финал, жарым финал жана финал сыяктуу бөлүктөрдөн турат. Финалга чыккан катышуучулар буга чейин тандап алган насаатчылары менен дуэт ырдашат. Долбоорго бул жолу Леонид Агутин, Дима Билан, Полина Гагарина жана Григорий Лепс калыстык кылууда.
Самара Капарова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.