Курс НБ на 19.11.2018 $69,8400 €79,2474

Опера жана балет театрындагы жабдуулардын эскилиги жетти

Маданият
31 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
55

Бул тууралуу Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Болот Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, учурда театр оңдоп түзөө ишине муктаж.

" Мисалы отургучтары 1955-жылдан бери алмаштырылган эмес. Ал эми сахнанын техникалык абалы музейге өтчү абалда турат. Муну чет элден келген коноктор да айтышты. Былтыр президенттин "жыл сайын 2 миллион сом каражат бөлүнсүн" деген буйругунун негизинде берилген акчага алгачкы жолу музыкалык аспап сатып алганбыз. Бул жылы тилекке каршы, ал каражат бөлүнгөн жок", — деген Осмонов маек учурунда. (ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу