Курс НБ на 10.12.2018 $69,8499 €79,4752

Окуучулар жеңиш менен келишти

Маданият
08 - Май 2018
www.erkintoo.kg
128
Бишкектеги П.Ф.Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин окуучулары Казакстанда өткөн музыка сынагынан жеңиш менен келишти.  Алматы шаарында өткөн кароо-сынакка 5  өлкөдөн 800 өспүрүм 3 жаштан 21 жашка чейин катышкан. Буга мектептин 3 окуучусу катышып, ар бири өздүк жаш категориясында баш байгени утуп келишти. 
Алар:
1.Бакирдинова Аяна 9 жашта (аспаптар искусствосу)
2.Нааматбекова Боогачы 11 жашта (улуттук аспаптар)
3. Аширалиев  Нурсултан 13 жашта (улуттук аспаптар)
Ал эми  ушул фестивалга калыстар мүчөсү болуп барган КР  эмгек сиңирген артисти Гульзинат Суранчиева  “Үздүк устаз” төш белгиси менен  сыйланды.
Сынактын катышуучулары  КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен жиберилген.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.