Курс НБ на 25.04.2018 $68,5725 €83,6722

Окумуштуу Аскар Турсунов 90 жашта

Маданият
11 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
100
Таланттуу филолог 1928-жылы Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Кегети айылында туулган. 1947-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. 1962-77-жылдары Кыргыз ССР илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун директору, 1978-86-жылдары Кыргыз ССРинин жогорку жана орто атайын билим берүү министри, ошондой эле Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 10 жана 11-чакырылышынын депутаты болгон. Окумуштуу 100дөн ашуун илимий эмгектердин, 10 монографиянын автору. А.Турсуновдун илимий эмгектери кыргыз тилинин морфологиясынын, синтаксисинин, пунктуациясынын маанилүү проблемаларын жана кыргыз адабий тилинин функционалдык стилдеринин жалпы маселелерин изилдөөгө арналган.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.