Курс НБ на 19.04.2018 $68,8586 €85,1505

Обондорду оболоткон Түмөнбай

Маданият
09 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
100
Ыр дүйнөсүнө аралашканына 10 жылга жакындап калды. Ата- энеси эмгек ардагерлери, ушу тапта Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы Көк-Таш айылында турушат. Үй-бүлөдө 7 бир тууган. Бардыгы турмуш жолунда. Ырчынын балалыгы Көк-Таш айылында өткөн. Орто мектепти аяктагандан кийин Ош мамлекеттик педагогикалык институтун артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Филология илимдеринин кандидаты. Обончу, аткаруучу. 40тан ашуун обон чыгарган. Илимий методика жана көркөм адабият боюнча 6 китептин автору. Учурда Ош мамлекеттик университетинин социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору, Кыргыз адабият кафедрасынын доценти. Үй-бүлөлүү, үч уулдун атасы.
- Эски жылды жакшы узатып алдыңызбы?
- Жыйынтыкталган 2017 - жыл жакшы жылдардын катарын толуктады. Анын ичинде чыгармачыл адамдардын иши бааланып, мамлекет тараптан атайын сыйлыктарга ээ болушту. “Ыйман, адеп жана маданият жылынын” алкагында бир катар маданий иш - чаралар өткөрүлдү. Көптүн катарында демекчи, бул жыл жеке турмушум, үй - бүлөм үчүн да жемиштүү жыл болду. 2 жылдан бери күйөрмандарыма отчёт берип, концерт коё элекмин. Биринчиден, жумушума байланыштуу болсо, экинчиден жаңы ырлардын үстүндө иштөө үчүн мыкты тексттерди табышым керек, ошондуктан бир аз тыныгуу болуп турат.
- Сиз аткарган ырлар салмактуу жана өзгөчө маани камтылары байкалат, мында кандай сыр бар?
- Оболу, угарман журтун баалашың керек, алардын эмне күтүп жатканын өнөр адамдары түшүнүшү керек го дейм. Аткарган ырлардын канчалык мазмууну терең экенин эл баалап алат. Бирок, угармандарымдын алдында жаман же маани камтылбаган текстти тандап алганга акым жок. Андыктан мен жылуу жана айжаркын темада жазылган тексттерди издөө менен убарамын.
- Бир чыгарманын үстүндө канча убакыт иштейсиз?
- Ар кандай болот. Акын Жазгүл Жамангулованын калемине таандык “Узун жолдор” ырына 2 жыл дегенде обон жаздым. Сатканбай Момуналиев агайдын “Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен” ырына обонду аз убакыттын ичинде, ал эми Фаризат Асанкалиеванын “ Жүрөгүмдө сүйүү боздойт” чыгармасынын обонун өтө тездик менен бүткөм. Мага тексттин маанайына жараша эргүү келет. Эргүү келген учурда жаза коём. 2008-жылы ЭЛТР телеканалы “Алтын үн” долбоорун уюштурган. Анда мен баш байгени утуп алгам. Ошол кезден тартып өнөр дүйнөсүндөгү каалгам ачылып, колдон келишинче күйөрман журтуна ыр сунуп келатам.
- Ырдын текстин жазууга кызыгып көрдүңүз беле?
- Жаш кезде кызыгуу болгон. Анда мен чыныгы поэзияны түшүнө элек мезгилим окшойт деп калам. Көрсө, биз жазган ырлар ыр эмес экен деп калдым. Өнөр дүйнөсүндөгү жеңишимди обончулуктан, ырчылыктан таптым. Ушул багытта изденүүнү, эмгектенүүнү оң көрдүм. Учурда такыр текст жазбайм. Мен жалаң гана акындардын тексттерине обон жаратам. Текст жазып бериңиз деп акындарга буйрутма деле бербейм. Мен акындардын эргүүсүнө жараша жазылган ырларларды аткарууга, жан дүйнөдөн өткөрүүгө аракет кылам.
- Музыканын термини менен айтканда сиздин үн кандай аталат?
- Музыкада менин үнүм лирикалык тенор деп аталат. Поэзияда акындар эмне айткысы келгендигин сөз берметтери менен курайт, жазат. Музыкада болгону 7 нота. Жети нота менен сенин сүйүүң, ыраазычылыгың же арманыңды, болбосо бактылуу экениңди бере алганыңда жатат. Сен канчалык мыкты обончу, аткаруучу болбогун, башкысы угарман журтуң кабыл алышы керек. Жаратман менен кабыл алуучунун ортосундагы байланыш маанилүү.
- Биз билгени сиз аккордеондун коштоосунда ырларды дыкат аткарып келесиз, бул аспапта бала кезден бери ойнойсузбу?
- Мен негизинен аккордеондо ойнойм. Кээде комуз чертип коём. Ал эми аккордеондон сабак берген биринчи устатым Орозгүл Эгемова деген таежем болуп калды. Ал эми атамдын алгачкы жолу аккордеон сатып келип бергендиги бул аспапта кол ойнотушума чоң түрткү берген.
- Сиз балдарга билим берип келесиз, мугалимсиз. Негизи эле мугалимге кандай сүрөттөмө бересиз, ага кошумча коомчулукта педагогдук кесипте агайлардын аз экендиги айтылат, буга кандай карайсыз?
- Мен иштеп жаткан Ош мамлекеттик университети уясынан бир катар мыкты жаштарды учурууда. Көптөгөн кадрларды даярдоодо салымы чоң. Аны менен катар педагогикалык багытта бир катар жаштар билим алышууда. Баарыбыз моюнга алат болушубуз керек, бүгүн элет жеринде дене тарбия сабагынан тышкаркы сабактарды мугалим - эжейлер өтүшөт. Агайлардын аз болгондугу же кесиптерин алмаштырып жаткандыктары мамлекеттик маселе десек болот. Балким менин оюм бир жактуу болуп жаткандыр. Башкысы, өлкөбүздүн жаркын келечеги болгон жаштарыбыз билимдүү, ыймандуу болушса деген тилек.
- Илимий ишиңизди кайсы темада жактагансыз?
- Кесибим боюнча филологмун. Илимий ишимди кыргыз поэзиясындагы элегия жанры боюнча жазгам. Бул үчүн бир катар даярдыктарды көрүп, баштаган ишти соңуна чыгарууну максат кылгам. Бул ишти аткардым. Бирок, бул тема алдыда далай ирет жазылат деп ойлойм.
- Чыгармачылыгыңызга экинчи борбор Ошто иштегениңиз, ал жакта обон созуп, үн салганыңыз кедергисин тийгизбейби?
- Жок, андай эмес. Адамдар ийгилик жаратып, чыгармачылыкка берилип иштеп, жашоого ыраазы болуп, бир топ чыгармачыл интеллигенциянын башы кошулган жер – борбор деп эсептей берет. Туура, борбордон үн салган адамдарга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү жаратат деп ойлойм. Маселе баарыбыз борборго карай умтула бергенде эмес, маселе жакшы чыгарма жаратууда, элдин алкышына татууда деп ойлойм. Болбосо, Рыспай Абдыкадыровдун алдына түшкөн адам жок. Ал Ошто туруп эле ийгиликке жеткендиги чын.
- Жакынкы мезгилдерде күйөрмандарыңызга концерт берүү пландарыңызда барбы?
- 2015- жылы Бишкекте, Ошто концерт бергем. Андан бери 3 жыл өттү. Быйыл күйөрмандарыма март же апрель айларында концерт берсем деп турам. Учурда өзүмдү даярдап, жаңы обондордун үстүндө иштөөнүн үстүндөмүн.
 
Мээрим БАКТЫБЕК кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.