Курс НБ на 07.04.2020 $84,8713 €91,6016

«Обон» сынагы жарыяланды

Маданият
25 - Февраль 2020
www.erkintoo.kg
82
Кыргызстанда балдар үчүн алгачкы эл аралык «Обон» музыкалык кароо-сынагы жарыяланды. Бул туурасында  Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева кабарлайт. Анын маалыматына караганда, сынак фортепиано, кыл аспаптар, үйлөмө аспаптар жана улуттук аспаптар боюнча кенже жана улуу топторго бөлүнүп, эки тур менен жыйынтыкталат. Сынактын негизги максаты  балдардын музыкалык мектебинин кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатуу, сактоо, балдардын изденүүсүн жана жөндөмүн өнүктүрүү болуп эсептелет.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу