Курс НБ на 25.04.2019 $69,8383 €77,8488

Нурлан Калыбеков Жазуучулар союзунун төрагасы болуп шайланды

Маданият
11 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
186
8-февралда Бишкекте Кыргыз жазуучулар союзунун жыйыны болду. Жыйында мурунку төрага Акбар Рыскулов кызматын тапшырып берип, Жазуучулар союзунун президиумунун мүчөлөрү тарабынан жаңы төрага шайланды. Союздун жетекчилигине учурдагы төраганын орун басары Тынчтыкбек Нурмамбетов жана мурдагы орун басар Нурлан Калыбеков талапкерлигин койду. Жалпы 44 шайлоочу катышкан жабык добуш берүүдө Нурмамбетов 19 добуш алып калса, Калыбеков 25 добуш менен жеңишке жетишти. Нурлан Калыбеков 1973-жылы Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Аркыт айылында туулган. 1998-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика жана философия бөлүмүн аяктап, 2003-жылга чейин аталган университетте ага окутуучу болуп эмгектенген. 2009-2014-жылдары чыгармачыл жаштардын "Нурборбор" коомдук бирикмесин жетектеген. 2011-2014-жылдары Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары болгон.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу