Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

Өнөрлүү өлсө дагы акча табат

Маданият
17 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
561
Өткөн аптада америкалык Форбс журналы көзү өтсө да чоң акча таап жатышкан атактуулардын рейтингин жарыялады.
Бул тизменин биринчи сабын 2009-жылы 50 жашында көзү өткөн Майкл Жексон ээледи. Анын жакындары япониялык Soni корпорациясы менен 2016-жылы түзгөн келишимге ылайык, Жексондун чыгармаларынын 50%ына ээлик кылуу укугу 750 млн долларга бааланган. Маркум быйыл 825 млн доллар киреше тапкан. Тизменин алдыңкы үч сабына маркумдар - америкалык сүрөтчү каррикатурачы Чарльз Шульц (48 млн), гольфист Арнольд Палмер дагы киргизилген.
Жалпысынан Форбстын тизмесине “рок-н-роллдун королу» Элвис Пресли ($27 млн), ырчы Принс ($25 млн), регги-музыкант Боб Марли ($21 млн), балдар жазуучусу Теодор «Доктор Сьюз» Гейзель ($20 млн), The Beatlesтин катышуучусу Джон Леннон ($12 млн), илимпоз Альберт Эйнштейн ($11 млн), 1950-жылдардын фотомодели Бетти Пейдж ($11 млн), рок-музыкант Дэвид Боуи ($10,5 млн), киноактер Стив Маккуин ($9 млн) жана актриса Элизабет Тэйлор ($8 млн) сыяктуу 13 атактуу адам киргизилген.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.