Курс НБ на 18.11.2017 $69,7468 €82,2140

“Музыкага ким төлөйт?” жана “Авторду! Авторду” комикс журналдарынын бет ачары болду (фоторепортаж)

Маданият
26 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
46
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу 25-октябрь күнү саат 11:00дө Бишкек гуманитардык университетинин чоң залында “Музыкага ким төлөйт?” жана “Авторду! Авторду” аттуу комикс-журналынын бет ачарын өткөрдү. Презентациянын негизги максаты – авторлордун укугун коргоо, автордук укук боюнча элдин калың катмарына жөнөкөй сүрөттөлүш менен керектүү түшүнүктөрдү жеткирүү.
Презентацияга автордук укук боюнча атайын адистер, маданият кызматкерлери, ырчылар, жазуучулар, обончулар, массалык маалымат каражаттарынын, Кыргызпатенттин өкүлдөрү жана ошондой эле ИМ Мамфондусунун кызматкерлери катышышты.
Иш-чараны Кыргызпатенттин материалдарды даярдоо жана расмий басылмалар башкармалыгынын башчысы Рымбекова Нургуль Нурсапаевна ачып берип, чыгарылган комикс журналдарынын негизги максатын, автордук жана чектеш укуктар жаатындагы жүргүзүлүп жаткан иштерди баяндап берди. Кийинки сөзгө чыккан БГУнун маданият борборунун жетекчиси Салиева Чынара Анарбаевна ИМ мамфонду менен мындан мурун көптөгөн иш-чараларды өткөрүп келгендигин, мындан ары да кызматташтыкка даяр экендигин белгилеп, калың журтка интеллектуалдык менчикти түшүндүрүү иретиндеги комикс журналдарынын дагы да чыга берүүсүнө үмүттөнөрүн билдирди. Комикс журналынын сүрөтчүсү Замир Илипов бул эмгектин кантип жаралгандыгын, анын түмөн түйшүгү туурасында айтып берсе, маданият жана искусстводогу автордук укукту заманбап коргоо боюнча “ТМС – Тынчтыктын Мониторинг Сервиси” долбоорунун негиздөөчүсү Тынчтыкбек Кожобеков жалпы катышуучуларга  автордук укуктун заманбап корголушун шарттаган долбоору менен тааныштырып, Кыргызстандагы автордук укуктун корголушунун абалы туурасында айтып берди. Ал эми Ж.Баласыгын атындагы КУУнун журналистика факултетинин улук окутуучусу Түмөнбаева Чолпон ушул иш-чараны КУУнун базасында да өткөрүүгө даяр экендигин белгилеп, кызматташууга чакырды. Бул иш-чара ноябрь айында КУУда да  өткөрүлө турган болду. 
Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетинин студенттери Алымбеков Эрмек, Кыдыралиев Нурсултан, Алмазбек кызы Айпери, Жээнбеков Иманбек жана Алыкулова Айгүл өздөрүнүн жандуу үндөрүнүн коштоосунда даярдалган  концерттик программа менен иш-чараны көркүнө чыгарышты. 
Динар Акун кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу