Курс НБ на 19.09.2017 $68,4643 €82,0613

“Мунабия" Түштүк Кореяда көрсөтүлөт

Маданият
13 - Сентябрь 2017
www.erkintoo.kg
23
“Мунабия” аттуу кыргыз тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Түштүк Кореяда өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, режиссер Таалайбек Кулмендеевдин “Мунабия” аттуу дебюттук картинасынын дүйнөлүк бет ачаары "A Window on Asian Cinema" программасы боюнча 2017-жылдын 12-октябрынан 21-октябрына чейин Түштүк Кореяда өтө турган 22-Пусан эл аралык кинофестивалында болот. Тасманын режиссеру-Таалайбек Кулмендеев. Фильм жазуучу Казат Акматовдун “Мунабия” повестинин негизинде тартылган. Бюджети 70 миң АКШ долларын түздү. Башкы ролдордо-Гүлзинат Суранчиева, Мээрим Атанбаева, Назым Мендебаиров, Сакен Карабаев жана башкалар ойногон.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу