Курс НБ на 18.11.2017 $69,7468 €82,2140

Москвадагы кыргыздар Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чара өткөрүштү

Маданият
10 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
29

Москва шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата иш-чараларды уюштуруу иштери башталды. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Москвадагы улуттар үйүндө адабий-поэтикалык кече өткөрүлгөн.

"КРдин эмгек сиңирген артисти Жылдыз Осмоналиева, Россиянын бир нече тасмаларына катышып жүргөн Жаңыл Асанбекова, Москва мамлекеттик университетинин студенттери жана чыгармачыл мекендештерибиз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан монолог жана кыргыз элине тараган ырларды аткарышты", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чараны Россия мигранттар федерациясы, эл аралык ишкерлер ассоциациясы, кыргыз диаспарасы жана демилгелүү жаштар уюштурган.

Булак: Спутник

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу