
Курс НБ на 25.04.2018 $68,5725 €83,6722

Москвада Кыргызстандын жаратылышына арналган фотокөргөзмө өтүп жатат
Москванын классикалык фотографиялар галереясында “Асман менен Ысык-Көлдүн ортосунда: Кыргызстанга 100 көз караш” деп ат аталган фотосүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. Россиянын “Фотограф саякатчылар шериктештиги” тарабынан уюштурулган бул көргөзмөгө Ала-Арча, Кызыл-Суу, Боом, Орто-Токой, Григорьев, Семенов капчыгайлары, Жети-Өгүз, Көк-Жайык, Барскоон, Кызыл-Ой, Токтогул, Чычкан жайлоолору, Итагар, Сары-Челек, Таш-Көмүр, Туз-Көл, Соң-Көл колдорү, Кызарт, Көк-Бел, Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларынын ажайып келбети тартылган 100 сүрөт коюлган. Көргөзмө 16-апрелге чейин улантылат.
Атай Алтымышев
Атай Алтымышев
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек