Курс НБ на 19.09.2018 $69,4042 €81,1127

«Мен - Тянь-Шань!"

Маданият
09 - Июль 2018
www.erkintoo.kg
94
Кыргыз маданияты, кино жана театр искусствосу оор жоготууга учурады. Кыргыз эл артисти, Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты, белгилүү кино жана театр өнөрпозу Дүйшөнбек Байдөбөтов 69 жаш курагында  7-июда дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Залкар актёр 1949-жылы 5-январда Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында туулган. Маркум «Мен — Тянь-Шань!» тасмасында Ильястын, «Акбаранын көз жашында» Базарбайдын, «Токтогул» тасмасында Токтогулдун ролун жогорку деңгээлде аткарып, Кыргызстандын кино кереметинде легендарлуу инсанга айланган. Эл артистин акыркы сапарга узатуу зыянаты бүгүн кичи мекенинде саат 10.00дө болот.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу