Курс НБ на 28.02.2020 $69,8500 €77,0760

Мектептер аралык театр фестивалы башталат

Маданият
22 - Март 2017
www.erkintoo.kg
403
Бүгүн, 22-мартта экинчи республикалык мектептер арасындагы театр фестивалы башталат. Бул тууралуу ММКларга уюштуруучулар билдиришкен.  Иш-чаранын ачылышы Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында саат 10.00дө башталып, фестивалдын алкагында көрүүчүлөр үчүн мектеп жана лицейлердин окуучулары белгилүү жазуучулардын драмалык чыгармаларынын негизинде даярдалган спектаклдерин тартуулашат. Театралдык фестивалга өлкө боюнча бардык мектеп окуучулары катышса болот.
 Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.