Курс НБ на 18.10.2018 $69,3000 €80,1489

Манасчы Мамбет Чокморовдун вариантындагы китептер жарыкка чыкты

Маданият
26 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
196
Бүгүн, 26-январда Улуттук илимдер академиясында кыргыздын белгилүү манасчыларынын бири Мамбет Чокморовдун вариантында жарык көргөн “Манас”, “Семетей”, жана “Сейтек” эпосторунун бет ачар аземи өткөрүлөт. Чокморовдун варианты 397 557 сап ырдан турат.
Кошумчаласак, манасчы Мамбет Чокморов 1896-жылы Тоң районунун Корумду айылында туулган. 1959-72-жылдары анын айтуусунда «Манастан» - 302 608 сап ыр, «Семетейден» - 71 609 сап ыр, «Сейтектен» - 23 340 сап ыр жазылып алынган. 

Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.