Курс НБ на 11.12.2018 $69,8300 €79,4526

“Манас тили - Мамлекеттик тилибиз”

Маданият
10 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
91
И.Арабаев атындагы КМУнун  М.Р.Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институту кыргыз тилине  арналган иш-чаралардын алкагында окуу-методикалык комплекстерин, дидактикалык окуу материалдарын, иш кагаздарын кыргыз тилине которуу улантылып, институттун методикалык кабинетинде “Манас тили - Мамлекеттик тилибиз” темасында кыргыз тилиндеги китеп көргөзмөсү ачылды. “Мамлекеттик тил мыйзамы кыргыз тарыхында”(проф. Осмонов О.Ж.), “Техникалык терминдердин кыргыз тилиндеги колдонулушу” (т.и.к., доц. Акбеков Т.) деген темада ачык сабактар, студенттер жана окутуучулар үчүн “Эсимде: эс тутум тилдерин издегенде” (“Эсимде: в поисках языков памяти”) темасындагы семинар-коллоквиум сыяктуу бир топ алгылыктуу иштер уюштурулду”, – деп билдирди директордун орун басары А.Самыйканов. Мындай иш - чаралар Өкмөттүн 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын” иш жүзүнө ашыруунун алкагында өттү.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу