Курс НБ на 21.06.2018 $68,3076 €78,9465

“Манас таануу” курсун окутуу боюнча эки китеп жарыкка чыкты

Маданият
08 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
31
КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Кыргыз Республикасынын 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын” алкагында улутубуздун руханий улуу мурасы “Манас” эпосунун материалдарына, изилдөөчү-окумуштуулардын эмгектерине таянып, мектеп мугалимдери, студенттер, ошондой эле улуу мураска кызыккан жалпы окурмандар үчүн оозеки кепти өстүрүүнүн натыйжалуу, кызыктуу усулдарын жана сабактын ар түрдүү формаларын, окутуунун алдыңкы, бай каражаттарын сунуштаган жаңы эки китеп жарык көрдү. Билим берүүнүн азыркы талабына ылайык окуучулардын оозеки жана жазуу кебин өстүрүүгө арналган эмгек көп жылдык педагогикалык эмгектин, талыкпаган тажрыйбанын үзүрү жана жемиши. Биринчи китеп ”Манас” эпосунун негизинде окуучулардын оозеки кеп ишмердүүлүгүн өнүктүрүү”, экинчиси ”Манас таануу” деп аталат. Китептин автору Бишкек шаарындагы Маалымат технологиялары жана байланыш лицейинин мамлекеттик тил мугалими, “Кесиптик билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси Абдиева Курманкан. Тажрыйбалуу мугалим-усулчунун көп жылдык үзүрлүү илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жазылган бир нече усулдук колдонмолор, атап айтканда: “Жат жазуу жана баяндамалар жыйнагы” (2009-жылы авторлош), “Өнүгүү баскычы” ( 2010-жыл), “Кыргыз тили жана адабияты боюнча чыгармачыл көнүгүүлөр”, ” Мамлекеттик тил боюнча тарбиялык иш-чаралардын иштелмелери” (2012-ж), ”Адептүүлүк жана кооздук - жашоо көркү” деген эмгектери республикабыздын бардык орто мектептеринде, кесиптик-техникалык жана педагогикалык окуу жайларында кызыгуу менен окутулуп келүүдө.
РИЗВАН ИСМАИЛОВА
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу