Курс НБ на 25.04.2018 $68,5725 €83,6722

“Манас” эпосунун дисктери чыгат

Маданият
18 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
94
Эртең 19-декабрда Октябрь кинотеатрында манасчы Камиль Мамадалиевдин айтуусунда “Манас” эпосунун CD жана DVD дисктеринин бет ачаар аземи болуп өтөт.
 
Дисктердин кезектеги чыгарылышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) колдоосу менен жарык көрдү. “Манас” эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017–жылдардагы мезгилге карата улуттук программасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы №67-токтомунда каралган иш-чаралардын 12-пунктун ишке ашыруу максатында  чыгарылды.
Бул тасма "Манас" эпосунун гумандуу идеяларын кеңири жайылтуу, анын жаш муундарды руханий тарбиялоодогу жана кыргыз элинин биримдигин бекемдөөдөгү жогорку ролун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын оозеки жана материалдык эмес маданий мурастарын коргоону, жайылтууну жана изилдөөнү камсыз кылуу иретинде, “Манас” эпосун жана кичи эпосторду кеңири жайылтуу жана пропагандалоо максатында Кыргызпатент тарабынан тартылган.
Улуттук программаны ишке ашыруунун алкагында Кыргызпатент тарабынан 2012-жылы - Талантаалы Бакчиевдин айтуусундагы, 2013-жылы Рысбай Исаковдун айтуусундагы, 2014-жылы Замирбек Баялиновдун айтуусундагы, 2015-жылы Дөөлөт Сыдыковдун айтуусундагы, 2016-жылы Самат Көчөрбаевдин айтуусундагы дисктер чыгарылса, эми бул жылы манасчы Камиль Мамадалиевдин айтуусундагы дисктер чыгарылды.
Жыл сайын дисктер 3000 топтомдо (1 топтомдо 1 СD жана 1 DVD-диск) нускаланып,  жети облустун китепканаларына жана окуу жайларына таратылып берилет.
Сымбат Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.