Курс НБ на 21.06.2018 $68,3076 €78,9465

Малайзия да Айтматовду эскеришти

Маданият
13 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
17
Кыргызстандын  Малайзиядагы элчилигинде, диаспоранын активдүү мүчөлөрүнүн катышуусу менен "Чынгыз Айтматовдун кечеси" аттуу иш-чара өттү. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Куштарбек Шамшидов Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналып Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө уюштурулуп жаткан иш-чаралар тууралуу кыскача маалымат берди. Мындан сырткары, кечеге чогулган мекендештерди Куштарбек Шамшидов ыйык Рамазан айы менен куттуктап аларга тынчтык, биримдүүлүк жана өсүп-өнүгүүнү каалады. Мында «Чынгыз Айтматовдун өмүр-баяны, чыгармачылык жана кесиптик өмүр-жолу» атту темада «Quiz Night» оюнунун эрежелеринин негизинде интелектуалдык оюн-зоок уюштурулду. Мекендештердин назарына Ч.Айтматов тууралуу тартылган «Жер шарынын жараны» документалдык тасмасы жана «Ак кеме» көркөм фильми сунушталды.  
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу