Курс НБ на 18.02.2019 $69,7609 €78,6694

Лос-Анжелесте IV Дүйнөлүк Азия кинофестивалы башталат

Маданият
22 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
137
24-октябрдан 1-ноябрга чейин Лос-Анжелесте IV Дүйнөлүк Азия кинофестивалы башталат. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, кинофестивалда жалпысынан Азия чөлкөмүнөн 50 мамлекеттин режиссерлорунун эмгектерине таандык тасмалар көрсөтүлөт. Алардын арасында кыргызстандык режиссер Темир Бирназаров тарткан «Түнкү кырсык» тасмасы жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата тартылган тасмалар тартууланат.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.