Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

«Кытай тили – илимди, маданиятты жана техниканы үйрөнүүнүн ачкычы"

Маданият
14 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
17
21-ноябрда саат 10:30да Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Борбордук илимий китепканасы менен Конфуций институту (Ханьбань, Кытай) уюштуруп жаткан «Кытай тили – илимди, маданиятты жана техниканы үйрөнүүнүн ачкычы» («Китайский язык – ключ к познанию науки, культуры и техники») иш-чарасы өтөт.
Маалымат үчүн:
Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Борбордук илимий китепканасы — фондуна 1750-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки өзгөчө баалуу жана сейрек басылмаларды, анын ичинде илимдин бардык тармактары боюнча илимий-методикалык адабияттарды камтыган китепкана. Ошондой эле, аталган илимий мекеме Илимдер академиясын өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн көп тармактуу библиографиялык иштер менен алектенген 8 китепкана бөлүмүнө жана 8 филиалга ээ. Анда республика боюнча китептерди, архивдик документтерди калыбына келтирүүчү жалгыз илимий-изилдөө лабораториясы иштейт.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу