Курс НБ на 28.09.2020 $79,4998 €92,6530

Кыргызстандагы эң мыкты маданият үйлөрү аныкталды

Маданият
09 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
613
 Маданият, маалымат жана туризм министрлиги маданият үйлөрүнүн, клубдардын арасында «Эң мыкты маданият үйү» жана «Эң начар маданият үйү» аттуу кароо-сынагын өткөрдү.
Сынактын жыйынтыгында республикалык комиссия эң мыкты маданият үйлөрүн, клубдарын аныктады. 
Сынакка 704 маданият үйлөрү, клубдар катышты. 
Төмөнкүлөр “Эң мыкты маданият үйү” наамын жеңип алышты:
1.Баткен облусу – Лейлек районунунТогуз-Булак айыл өкмөтүндөгү Кара-Булак айылынын маданият үйү.
2. Жалал-Абад облусу – Аксы районунун Кашка-Суу айылындагы маданият үйү жана Токтогул районунун Саргата айылындагы К.Жаманбаев атындагы маданият үйү.
3. Ысык-Көл облусу– Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы маданият үйү.
4. Нарын облусу – Кочкор районунун Исакеев айылындагы И.Тентимишев атындагы маданият үйү.
5. Ош облусу – Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылынын маданият үйү.
6. Талас облусу– Кара-Буура районунун Шекер айылынын маданият үйү. 
7. Чүй облусу – Кара-Балта шаарындагы В.И.Ленин атындагы маданият үйү.
 
Булак: “Кабар”


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.