Курс НБ на 10.04.2020 $77,8000 €84,5647

Кыргызстанда кышкы лыжа сезону ачылды

Маданият
26 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
586
Каракол шаарынан 7 чакырым алыстыкта жайгашкан “Каракол” лыжа базасы совет доорунда СССРдин олимпиадалык курама командасы үчүн машыгуучу база катары пайдаланылган. 2004-жылы жабдуулары жаңыртылгандан кийин деңиз деңгээлинен 2300 м бийиктикте жайгашкан бул тоо лыжа курорту КМШдагы популярдуу курорттордун бири болуп калды.
 
Учурда Кыргызстандын аймагында жалпысынан 23 тоо лыжа базасы иштеп жатат. Алардын бири жакында Нарын шаарынын чет жакасындагы Ала-Мышык тоосунда кышкы спортту сүйүүчүлөргө кубаныч тартуулай баштады. Ал эми кечээ, 25-декабрда Аламүдүн районунун аймагындагы “Чуңкурчак” тоо-лыжа базасында кышкы сезон ачылып, ага Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышты. Ал учурда Өкмөт “Тоо лыжа кластери” долбоорунун үстүндө иштеп жаткандыгын, ага ылайык Кыргызстанда заманбап 5 тоо лыжа курорту куруларын билдирди.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.