Курс НБ на 28.09.2020 $79,4998 €92,6530

Кыргызстанда эс алуу арзан

Маданият
28 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
600
Мындай тыянакты Америкалык «Форбес» журналы 2017-жылы эс алуу үчүн арзан өлкөлөрдүн тизмесин жарыялаган  рейтингинде айткан. Анда  дүйнөнүн 21 өлкөсү тизмектелген.  Тизмеде биринчи орунда Түндүк Вьетнам турат. Бул өлкөдө жеке үйлөрдү бир түнгө алууга 10-15 доллар, тамактануунун орточо баасы  0,5-2 долларды түзөт. Транспорттук каражаттарды азайтуу үчүн мотоциклди ижарага алса болот. Тизмеде Кыргызстан экинчи орунду ээлеген. Чектелген бюджети бар туристтер үчүн  Кыргызстан ыңгайлуу болуп саналат. Бишкекте жеке секторлордо жашоо бир түнгө 15 доллар, тамактануунун орточо баасы 2 доллардан өйдө.  Ал эми боз үйлөрдө жашоо 2 маал тамактануусу менен бир кишиге 20 долларды түзөт, -делет маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.