Курс НБ на 21.05.2019 $69,8500 €77,9212

​Кыргызстан-чексиз уникалдуу!

Маданият
24 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
77
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин туризм департаменти тарабынан 2018-жылдын август айында жарыяланган конкурстун жыйынтыгы чыгарылып,  жыйынтыгы боюнча Улуттук университеттин юридика факультетинде 4-курста окуган студент Ажар Сатыбалдиеванын "Кыргызстан — бесконечно уникален" (Kyrgyzstan — Infinitely Unique) деген слоганы мыкты деп табылып, 5 миң доллар байгени утуп алды. Сыйлык тапшыруу аземи кечээ өттү.
Калыстар да аталган ураанда башка мамлекеттерде жок нерселер Кыргызстанда бар деген чакырык ташталып жатканын белгилешкен.
Ошондой эле Кыргызстандагы экологиялык туризмдин маанисин жакшы чагылдырып бергени үчүн пенсионер Людмила Колычеванын "Кыргызстан — Семь чудес природы" (Kyrgyzstan — Seven Wonders of Nature) аттуу слоганына кошумча байге берилген.
Ал эми Кыргызстандагы эс алууну орус тилдүү калк арасында таасирдүү жарнамалоо үчүн Нина Орлованын "Кыргызстан — отдых на высоте!" аттуу слоганы мыкты деп аталып, авторго 1000 доллар сыйлык берилди. (ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу