Курс НБ на 15.12.2019 $69,8482 €78,0693

Кыргызстан тууралуу тасма тартылат

Маданият
16 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
457
Малайзия мамлекетинин гуманитардык уюму Кыргызстан тууралуу тасма тартат. Муфтияттын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Муфтий менен "Жаким" Ислам министрлигинин колдоосу менен мусулман өлкөлөрүн кыдырып жүргөн Малайзия гуманитардык уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу болгон. Жолугушууда аталган уюмдун өкүлдөрү мусулман өлкөлөрүндө  тынч дүйнөнү түзүүгө жардам берүү, өзгөчө кырдаалдар болгондо  психологиялык колдоо, гуманитардык жардам көрсөтүү экендигин айтышты. Аталган уюмдун  өкүлдөрү Малайзиядан тартып Таиланд, Бирма, Индия, Непал, Пакистан, Кытай жана Афганистан мамлекеттеринен кийин Кыргызстанга келген.  Акыркы сапары Сауд Аравиясы менен аяктайт. Ошондой эле, уюм 25-ноябрга чейин өлкө аймагындагы мечиттерди жана диний окуу жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышат.
 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.