Курс НБ на 12.11.2019 $69,8469 €77,0062

Кыргызстан биринчи орунга чыкты

Маданият
07 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
642
Кечээ  Чолпон-Ата шаарында экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз күрөшү, түрктөрдүн аба күрөшү жана интеллектуалдык оюндардын программасына кирген мангала жана тогуз коргоол боюнча мелдештерден жеңүүчүлөр аныкталды. Кыргыз күрөшүнөн жети салмакта байгелер ойнотулса бардык алтын медалдарды кыргыз балбандары утушту. Түрктөрдүн аба күрөшүнөн эки коло байгени кыргызстандык балбандар алышкан. Жеке эсеп боюнча тогуз коргоолдон бир алтын, эки күмүш, мангала оюнунан эки алтын, эки күмүшкө кыргыз спортчулары ээ болушту. Ошентип мелдештердин жыйынтыгында Кыргызстан 13 алтын, 12 күмүш, 15 коло байге менен медаль алып, биринчи орундукка көтөрүлдү. Орусия курамасы 10 алтын, алты күмүш жана жети коло байге менен экинчи катарда. Казакстандыктар беш алтын, алты күмүш, сегиз коло менен үчүнчү тепкичте. Азербайжан - төрт алтын, төрт күмүш, беш коло менен төртүнчү орунда. Бүгүн болсо,  алыш бел боо күрөшүнүн эркин түрүнөн, эр эңиштен байге үчүн таймаштар өтөт.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.