Курс НБ на 18.10.2018 $69,3000 €80,1489

Кыргыз улуттук академиялык драма театры 2-октябрь күнү 92-театралдык сезонун ачат

Маданият
20 - Сентябрь 2018
www.erkintoo.kg
68
Бул тууралуу аталган маданий мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Театралдык сезон 30 жылдан бери салтка айланып калган Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" спектакли менен кечки саат 18:00дө салтанаттуу түрдө ачылат.

Академиялык драма театр октябрь айындагы репертуарын көрүүчүлөрүнө сунуштады:

2, 23-октябрь — "Манастын уулу Семетей", Жалил Садыков;

3, 24-октябрь — "Саманчынын жолу", Чыңгыз Айтматов;

4-октябрь — "Үйлөнүү", Николай Гоголь;

5, 14-октябрь — "Абийир кечирбейт", Токтоболот Абдымомунов;

9-октябрь — "Тумар каныша", Бактыгүл Чотурова;

10-октябрь — "Рамяна", Бактыгүл Чотурова;

11-октябрь — "Чыңгызхандын ак булут", Чыңгыз Айтматов;

12-октябрь — "Күйөө бала", Саид Ахмад;

16-октябрь — "Керээз" Кайрат Иманалиев;

17-октябрь — "Күүгүм", Юлия Дамскер;

18-октябрь — "Торостук зөөкүр", Азиз Несин;

19-октябрь — "Бейтааныш", Тунжер Жуженоглу;

20, 21-октябрь — "Өпөң-чычаң" спектаклинин премьерасы, Күмөндөр Абылов.

Жогорудагы спектаклдердин баары саат 18.00дө башталат.


 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу