Курс НБ на 28.09.2020 $79,4998 €92,6530

Кыргыз ССР эл артисти Сабира Күмүшалиеваны эскерүү кечеси өткөрүлдү

Маданият
27 - Март 2017
www.erkintoo.kg
524
Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагында Сабира Күмүшалиеванын 100 жылдыгына арналган эскерүү кече болуп өттү. Кечеде С.Күмүшалиеванын кызы Нуржамал Рыскулова апасы жөнүндө жана анын сахна артындагы жашоосу жөнүндө айтып берди. Ошондой эле Сатылган Сазаев кинодо жана сахнадагы орду жөнүндө көптөгөн кызыктуу маалыматтарды окурмандарга айтып өттү. Келген конокторго, окурмандарга С.Күмүшалиеванын өмүр чыгармачылыгы тууралуу слайд көрсөтүлүп, “Кайталангыс талантка ээ инсан” атту китеп көргөзмөсүнө баяндама жасалды. Кечеге Ж.Баласагын атындагы КМУнин студенттери, артисттин жакындары катышты.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.