Курс НБ на 04.08.2020 $76,9120 €90,7023

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө Мамлекеттик тил күнүн белгилешти

Маданият
23 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
883

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө бүгүн, 23-сентябрда, Мамлекеттик тил күнүн белгилешти.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлерин Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады. Ал мамлекеттик тилди өлкөнүн бардык тармагында өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов иш-чара катышуучуларын кыргыз тилинде куттуктады.  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктарды тапшырды.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн кошкон салымы үчүн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төш белгиси менен төмөнкүлөр сыйланды:

- Акылбек Осмоналиев – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр;

- Эмилбек Бусурманкулов – уюштуруучу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;

- Урмат Дүйшеналиев – котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн эксперти.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы төмөнкүлөргө тапшырылды:

- Жеңишгүл Эдигеева — котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн эксперти;

- Камчыбек Кускаков – уюштуруучу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.