Курс НБ на 04.08.2020 $76,9120 €90,7023

Кыргыз драма театры жаңы театралдык сезонун ачты

Маданият
05 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
595
Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театры 90-театралдык сезонун ачты. Анда Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиевдин “Улуу Үркүндө” аталышындагы чыгармасынын негизинде “Көздөн учкан Ата - Журт “ спектакли коюлду.  Үркүндү сүрөттөгөн чыгарманы тандоодо кыргыз драма театрындагылар өтө кылдаттык менен мамиле кылышкан. Чыгарманы тандаганга эле бир ай кетсе, аны театрлаштырууга 2 жарым ай камынышкан. 
Оор жылдардын бир үзүмүн 30 артист чагылдырды. Анда эл артистинен тарта, театрга жаңы келгендерине чейин катышты. “Көздөн учкан ата-журт” спектаклинде кыргыз элинин башына түшкөн оор жылдардын бир эле үзүмү сүрөттөлдү.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.