Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

Кыргыз цирки ийгиликке жетишти

Маданият
15 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
575
Кытай Эл Республикасында 47 мамлекеттен келген өнөрпоздордун ичинде кыргыз циркинин атчандар труппасы жаңы даярдалган программа менен фестивалга катышып, 3-орунду ээледи.
“15 кишиден турган топтун жетекчиси Алмаз Райымкулов. Курамында айылдан келген, атка жеңил, тайга чак кыргыздын жигиттери. Мурда деле кыргыздын мүнүшкөр жигиттери кооз жасалгалар менен Монте-Карлого чейин барышкан. Азыр эми аттын үстүндө үч адам чабат. Бул топтун келечеги кең. Президент А.Атамбаевдин Жарлыгына ылайык, быйылкы маданият жана тарых жылына карата биздин жакшы даярдыгыбыз ушул болду. Булар Дүйнөлүк 2 көчмөндөр оюнунда Ысык-Көлдө өткөн бардык иш-чараларга катышып келишкен. Кытайды багындырып жаткан бул жигиттерибиз келишим боюнча март айына чейин Кытайдын аймактарын кыдырышат. Андан сырткары, азыр Россияда аба гимнасттары жана тарелка ыргыткан иллюзианист циркачтарыбыз дагы ойноп жүрүшөт. Мына ушунун баары байгелерди алып, келишимдерин бүтүп келишсе, март айында өзүбүздүн Кыргызстандын көрүүчүлөрүнө мыкты даярдалган программа менен чыгабыз. Бул балким март айында болуп калат”, - деди цирктин директору Курмангазы Исанаев.
Сымбат Максутова 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.