Курс НБ на 19.03.2019 $69,7627 €79,2051

КУУнун профессору Абак Биялиев 80 жашта

Маданият
17 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
205
14-декабрда Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде КУУнун профессору Абак Биялиевдин 80 жылдык мааракесине арналган “Профессор А.Биялиев жана кыргыз адабий тилинин өнүгүшү” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Юбилярды 80 жылдык мааракеси менен КУУнун ректору Канат Садыковдун атынан мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев), Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси Абдыжапар уулу Мундузбек, Кыргызстан тилчилеринин «Тилчи» ассоциациясынын президенти Курманбек Токтоналиев куттукташты. Биялиев Абак 1938-жылы 20-июнда Нарын областынын Жумгал районуна караштуу Куйручук айылында төрөлгөн. 1955-жылы Мидин Алыбаев атындагы Чаек орто мектебин бүтүргөн. 1960-жылы КМУнун филология факультетине кирип, кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалим адистигине ээ болгон. 1962-1974-жылдарда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, 1974-1978-жылдары илимий кызматкер, ага илимий кызматкер болуп иштеп, 18 жыл илимий изилдөө иштери менен алек болгон. Ошол жылдары түндүк жана түштүк Кыргызстанды кыдырып, диалектологиялык материал жыйнап, кыргыз тилинин диалектологиялык атласын жана лингвистикалык сөздүктөрдүн беш түрүн түзүүгө катышкан.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.