Курс НБ на 06.06.2020 $74,2343 €84,1186

“Көгүлтүр көйнөк кийип отурган аял” 45 миллион долларга сатылды

Маданият
16 - Май 2017
www.erkintoo.kg
418
Испаниялык атактуу кыл калем чебери Пабло Пикассонун 1939-жылы тартылган “Көгүлтүр көйнөк кийип отурган аял” (Femme assise, robe bleue) аттуу картинасы дүйшөмбү күнкү кечки соодалашуу учурунда Нью-Йорктогу Christie's аукционунда 45 миллион долларга сатылды.
Бул картинада сүрөтчү өзүнүн сүйүктүүсү франциялык сүрөтчү жана фотограф Дона Маарды чагылдырган.
Christie's аукционунун бул күнкү кечки соодасында мындан тышкары, Марк Шагалдын, Клод Мане жана Фернан Леженин да картиналары сатылды. Эң эле кымбат лот деп теги румыниялык француз скульптору Константин Бранкузинин “Уйкудагы муза (La muse endormie, 1913) эмгеги табылып, $57 миллионго сатылды.
Ошентип Christie's бул күнкү соодада $289 миллион каражат тапты.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.