Курс НБ на 16.12.2019 $69,8482 €78,0693

“Кентавр” тасмасы Берлинде

Маданият
13 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
411
Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Германиянын Берлин шаарында өтө турган эл аралык кинофестивалда 10-февраль күнү боло турганын Кинематография дапертаменти билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара 9-февралда башталып 19-февралга чейин созулат. "Кентавр" фестивалдын "Панорама" программасына киргизилген. Жалпы жонунан кыргызстандык тасма менен дагы төрт фильм көрсөтүлөт.
Жыл сайын өтүүчү бул киномайрамга 3000ге чукул кинотасма катышууга арыз берип, бирок мыкты деп тандалып алынгандары гана катышуу укугуна ээ болот. Бул кинофестиваль 1951-жылдан бери Канн жана Венеция фестивалдары менен кошо өткөрүлүп келет."Кентавр" — өз элинин улуттук баалуулуктарынын сакталып калышына жан үрөгөн адам тууралуу тасма.
Фильмде Актан Арым Кубат башкы ролду ойнойт. Мындан тышкары, тасмага Болот Тентимишов, Таалайкан Абасова, Зарема Асаналиева, Илим Калмуратов тартылган.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.