Курс НБ на 12.11.2019 $69,8469 €77,0062

Көчмөндөр оюндары аяктайт

Маданият
08 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
645
Бүгүн экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталат. Алыш күрөшүнүн классикалык түрүнөн ат оюндары өтүп, көк бөрү боюнча алтын байге үчүн Кыргызстан менен Казакстан курамалары беттешет. Андан сырткары күлүктөрдүн жарышы, жорго салыш, кунан чабыш, кыз куумай, тыйын эңмей оюндары болот. Бул мелдештердин сыйлык тапшыруу аземдери кечки саат 7ге чейин аяктайт. "Аврора" пансионатында тогуз коргоол, мангала оюндарынын жыйынтыктоо турлары башталат. Андан соң Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда оюндардын жабылыш аземи чет элдик жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерт менен коштолот. Ага өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков катышат.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.