Курс НБ на 26.06.2019 $69,5988 €79,0503

​Көчмөндөр

Маданият
30 - Май 2019
www.erkintoo.kg
73
Азыраак баяндайлык көчмөн калкын,
Калтырган тарыхтагы ордун салтын.
Көчмөндөр тарыхтагы “Улуу Күндөр”,
Аташкан ушундайча бөлөк элдер.
 
Табышкан таш эстелик Энисейде,
Чегилген рун жазуу таш бетинде.
Арналган жазуу экен Култегинге,
Көрсөткөн эрдиктери жоо бетинде.
 
Орноткон таш эстелик Алтынкөлдө,
Түшүрүп рун жазуусун таш бетине.
Кайгырып аза күтүп көчмөн эли,
Кеткенде бул дүйнөдөн Барсбеги.
 
Барсбек эл коргогон баатыр болгон,
Капыстан каза болгон күчтүү жоодон.
Унутпай кеменгерди жүрөлүк деп,
Орноткон таш эстелик түбөлүк деп.
 
Башында рун тамга биздин элде,
Сакталып калган экен шведдерде.
Окуган ал жазууну швед аалым,
Көчүргөн ак кагазга бизге маалым.
 
Көчмөндөр жеткен экен чет түндүккө,
Сакталып анда калган рун тамга.
Кыргызда кыргын согуш калайманда,
Сакталбай унутулган рун жазма.
 
Издери көчмөндөрдүн жер четинде,
Жазылган жазуулары таш бетинде.
Арадан миңдеген жыл өтсө дагы,
Сакталган рун жазуу швед элде.
 
“Улуу күндөр” селдей каптап кытайды,
Чөгөлөткөн Чинди жана Мачинди.
Бул окуя кайталанган көп ирет,
Бул тарыхта жазылганын эл билет.
 
Кытайларың тизе бүккөн жүгүнүп,
Дабаа издеп өйдө-төмөн жүгүрүп.
Аргасыздан улуу сепил курушкан,
Тобо дешип убактылуу тынышкан.
 
Көчмөндөрдүн тең болбоду кылына,
Римдиктер салык төлөп жылына.
Айласыздан жан соогалап жалынып,
Араң калган абийирлери жабылып.
 
Табылбай айрымдары көп элдердин,
Тарыхтын бүктөмүндө калып калды.
Аздары аралашты арбын элге,
Жоголду аты аталбай чочун жерде.
 
Айталык билгендерге сөздүн баасын,
Даңктайлык мекенимдин тоосун ташын.
Бабалар калтырышкан көчмөн салтын,
Кошолук пейли кенен кыргыз калкын.
 
Суктантты көчмөн оюн араб калкын,
Көрсөк деп көчмөндөрдүн каада-салтын.
Конокко барып келди көчмөндөрүм,
Көрсөтүп улуулугун, каада-салтын.
 
Чогулду калбай бүтүн араб эли,
Көрмөккө көчмөн калкын, каада-салтын.
Көрсөттү кереметти, өз өнөрүн,
Сестентип араб түгүл аалам элин.
 
Ала Тоо абалтадан кут даарыган,
Аталар, бабалардан бизге калган.
Бөксөрбө нурдан бүткөн кыргыз элим,
Бак-таалай, ырыс жааган Ысык-Көлүм.
 
Тизелик сөз берметин көл жээгине,
Ырыскы, мээрим чачкан өз элине.
Көлүмдүн суусу дары, кумдары алтын,
Кылымдап суусу, куму багат калкын.
 
Көлүмдүн кышы жылуу, жайы салкын,
Койнуңда өмүр кечет кыргыз калкың.
Мээримин төгүп турат эч аябай,
Тунуксуң ниетиң таза, жаш баладай.
 
Жайлоосу кең Каркыра, Түптүн ичи,
Суктанып кете албаган көргөн киши.
Тоосунда арча, кайың, карагайы,
Түзүндө миң кой айдап орто байы.
 
Таштарың уютулган тунук алтын,
Керектейт керегинче кыргыз калкың.
Тоолорду мекендеген кайберениң,
Төркүнү кереметтүү Бугу эненин.
 
Сыртында Хан Теңири тоосу бийик,
Аскасы менменсинет айга тийип.
Аралаш кайберени, киши кийик,
Алыстан саламдашат башын ийип.
 
Түбөлүк муз каптаган Хан Теңири,
Жанаша орун алган Көйкап тоосу.
Перилер мекен кылган абалтадан,
Мураска акырында бизге калган.
 
Азыраак баяндадык көчмөн калкын,
Ээлеген тарыхтагы ордун салтын.
Унутпа улуу элим Чыңгызыңды,
Даңктагын, даңазала “Улуу Күндү”.
 
Жазылган улуу тарых барагына,
Тараган ааламдын төрт тарабына.
Санташта бир бурчунда калганыбыз,
Усундун “Улуу Күндүн” балдарыбыз.
 
Көкөлөт кыргызымдын туусун бийик,
Көчмөндөр ким экенин жүрсүн билип.
Сыйлагын “Улуу Күндүн” ыйык салтын,
Таңданткын аалам элин көчмөн калкым.
 
Аман бол кагылайын элим-жерим,
Аман жүр кагыламын уул-кызым.
Бейкуттук эл жериңе тынчтык орноп,
Бар болгун касиеттүү кыргыз журтум!
Шаршенбай Муканов
 
 
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу