Курс НБ на 15.10.2018 $69,1798 €80,0687

Катарда Айтматовду эскерүү кечеси өттү

Маданият
19 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
182
Катар Мамлекетинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына жана келе жаткан 90 жылдыгына арналган адабий кече ѳткѳрүлдү. Айтматовдун чыгармачылыгына кызыккан адабият сүйүүчүлѳрү Катардагы Француз институтунда чогулушуп, «Жамийла», «Ак кеме» жана «Кош бол, Гүлсары!» аттуу чыгармалары боюнча ой-пикир алмашышты. Мындан тышкары, залкар жазуучунун ѳмүр-баянына арналган атайын презентация жана анын чыгармалары боюнча тартылган кѳркѳм тасмалардан үзүндүлѳр кѳрсѳтүлдү. Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчиси Нуран Ниязалиев кеченин катышуучуларына Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык ѳзгѳчѳлүктѳрү, дүйнѳлүк адабиятка кошкон баа жеткис салымы жана чет тилдерде чыккан китептери тууралуу айтып берди.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.