Курс НБ на 25.09.2020 $79,3499 €92,4942

Караколдо тоо-лыжасы боюнча Кыргызстандын биринчилиги башталды

Маданият
26 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
571
 26-27-декабрда Ысык-Көл облусундагы «Каракол» тоо-лыжа базасында тоо-лыжасы боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтөт. Бул тууралуу КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамагенттинен билдирди.
Маалыматка караганда, мелдеш 3 жаш куракта – 1998-жылга чейинки, 1999-2000-жылкы жана 2001-2002-жылкы балдар, кыздар арасында өтөт.
“Мелдеш республикада тоо-лыжасын өнүктүрүү, сергек жашоо-турмушун пропагандалоо максатында уюштурулган”-деп айтылат билдирүүдө.
Мелдеш Спорттун олимпаиада түрү боюнча дирекция жана КРнын лыжа спортунун федерациясы тарабынан уюштурулган.
 
Булак: «Кабар"


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.