Курс НБ на 20.10.2018 $69,3251 €79,3703

Кайсериде Кыргызстандын маданият күнү өткөрүлдү

Маданият
05 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
123
3-апрелде Түркия мамлекетинин Кайсери шаарында окуган кыргыз студенттер тарабынан «Кыргызстанды таанытуу күнү» өткөрүлдү. Иш-чарага Эржиес университетинин ректору баштаган факультет декандары менен бирге бир канча өлкөдөн келген студенттер катышты.  Эки саатка созулган иш–чарада Кыргызстан тууралуу, Дүйнөлүк көчмөндөр оюну тууралуу маалымат берилгенин Кайсери шаарындагы «Кыргызстан студенттер биримдигинин» төрагасы Эрболот Касымов. Эске салсак,  Түркияда 19 миңдей кыргыз бар. Ал эми  Кайсери шаарында 120га жакын кыргыз жарандары жашашат. Алардын 72си лицейлерде, университеттерде окуган окуучулар менен студенттер.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.